23
Октябрь
Тайырбек Сарпашев МКК келерки жумадан тарта аймактарда биометрикалык маалыматтарды чогултуу ишин баштоону тапшырды
Бүгүн, 23-октябрда, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев жарандардын биометрикалык маалыматтарын чогултуунун жүрүшү тууралуу жыйын өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө республика аймактарында биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча уюштуруучулук маселелер талкууланды.
Т.Сарпашев белгилегендей, ар-бир айылда биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча экиден адам тартылат. «Тизмелер жер-жерлерде биометрикалык малыматтарды чогултуу боюнча райондук жана айылдык штабдарды жетектеген акимдер жана айыл башкармалык жетекчилери менен биргеликте түзүлөт. Алгач биометрикалык жабдуу өлкөнүн бардык калктуу пункттарында орун алган почтанын бардык бөлүмдөрүндө орнотулат. Келерки жуманын орто ченинен тарта биометрикалык маалыматтарды чогултуу иши республиканын аймактарында башталышы тийиш», — деди Биринчи вице-премьер-министр.
Кеңешме жүрүшүндө КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызмат төрагасынын орун басары Эльдияр Убалиев маалымдагандай, Бишкектеги биометрикалык маалыматтарды чогултуунун алгачкы күнү болжол менен 2 миңдей адам өзүнүн жеке маалыматын тапшырган.
“Өлкөнүн бардык райондорунда биометрикалык маалыматтарды чогултуу иши башталган соң, өз биометрикалык маалыматтарын тапшырган жарандардын саны кескин жогорулайт деп ишенебиз. Учурда маалыматтар мамлекеттик органдарда чогултула баштады. Тактап айтканда, 22-октябрда Өкмөт Аппаратынын жана Президенттин жана Өкмөттүн иш башкармалыгынын кызматкерлери өз биометрикалык маалыматтарын тапшыруу ишине жигердүү катышты», — деди ал.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү