21

Ноябрь

2014

Тайырбек Сарпашев «Боз-Тектир» жана «Тегерек» каналдарынын курулушун мөөнөтүндө аяктоону тапшырды

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев Жалал-Абад облусу боюнча иш сапарынын алкагында Токтогул районундагы Торкент айыл округундагы «Боз-Тектир» жана Бел-Алды айылындагы “Тегерек” каналдарынын курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди.

«Боз-Тектир» каналы сугат суу менен 150 га жерди камсыздоого мүмкүндүк берет. Курулуш иштери жыйынтыкталган соң “Бел-Алды» каналы аркылуу 300 га жерди өздөштүрүүгө мүмкүндүк түзүлөт. Иштер Токтогул районунун атайы эсебинен каржыланат. Учурда эки каналда тең курулуш иштери жарым-жартылай бүткөрүлгөн, ал эми аларды ишке киргизүү 2015-жылдын биринчи жарымында пландаштырылууда. Курулуш иштеринин жалпы суммасы болжол менен 15 млн сомду түзөт.

Биринчи вице-премьер-министр жергиликтүү бийликке курулушту өз мөөнөтүндө жана сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды. «Дыйкандар ал каналдардын ишке киргизилишин чыдамсыздык менен күтүүдө. Жаңы жерлердин өздөштүрүлүшү фермерлерге материалдык абалын чыңдап алууга мүмкүндүк берет», — деди ал.

Ошондой эле Т.Сарпашев Бел-Алды айылындагы оорукананын имаратынын ачылыш салтанатына катышты. Имаратты реконструкциялоого Токтогул районунун Атайы фондунан болжол менен 3 млн сом бөлүнгөн.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү