29

Ноябрь

2014

Тайырбек Сарпашев «Талды-Булак Солжээк» алтын кенине барды

Бүгүн, 28-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев Чүй облусунун Кемин районунда жайгашкан «Талды-Булак Солжээк» алтын кенине барды.

Биринчи вице-премьер-министр узундугу 1 369 метр келген жаңы курулган туннелден өттү. Бул туннель кенди алтын өндүрүүчү фабрика менен байланыштырат. Аталган кенге салынган инвестициялардын жалпы суммасы 184 млн долларды түзөт.

«Алтын-Кен» ЖЧК башкы директорунун орун басары, «Кыргызалтын» ААК өкүлү Умар Изабаев маалымдагандай, 1-декабрда фабриканы тажрыйба иретинде ишке киргизүү пландаштырылууда.

«Аны ишке киргизүүдө адистер толуктап иштеп чыгуучу жерлерди аныктамакчы. Өкмөттүн үстүбүздөгү жылдын соңуна дейре өндүрүштү ишке киргизүү тууралуу тапшырмасын аткаруу үчүн колдон келген аракетти кылабыз», — деди ал.

Т.Сарпашев компания жетекчилигине өзгөчө көңүлдү техникалык коопсуздук жана жумушчулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жагына көңүл буруусун тапшырды.

«Фабрика ишке киргизилген соң, жумушчу орундун 90% кыргызстандыктар ээлеши керек», — деди Биринчи вице-премьер-министр.

Маалымдама. Компаниянын 60% үлүшүнө – кытай тарап, ал эми 40% “Кыргызалтын» ААК тийиштүү саналат. Аталган кендеги алтын запасы 78 тоннаны түзөт. Алтын менен катар бул жерде күмүш жана күкүрт өндүрүлөт.

[gallery ids="46724,46725,46726,46727,46728,46729,46730,46731,46732,46733,46734,46735,46736,46737,46738"]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү