25

Сентябрь

2014

Тайырбек Сарпашев: Өкмөт АКШнын “жашыл экономиканы” өнүктүрүү тажрыйбасы менен таанышууга жана иликтөөгө кызыкдар

Бүгүн, 25-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында өткөн кыргыз-америкалык II-бизнес-форумга катышты. Т.Сарпашев белгилегендей, Кыргызстан жана Америка Кошмо Штаты ортосундагы инвестициялык жана соода-экономикалык кызматташуу мүмкүндүгү толук түрдө колдонулбай жатат. “Буга байланыштуу бүгүнкү форумдун негизги максаты катары эки өлкө аралык соода-экономикалык кызматташууну өнүктүрүү, кыргыз жана америкалык ишканалар аралык келечектүү иштиктүү байланыштарды орнотуу, ошондой эле Кыргызстан экономикасын америкалык капиталды инвестициялоо мүмкүндүгүн талкуулоо эсептелиши кажет. Бүгүнкү бизнес-форум — бул эки өлкө ишкерлеринин расмий эмес баарлашуусу үчүн жакшы аянтча эсептелет, ал мамлекеттик деңгээлдеги конструктивдүү баарлашуу менен катар кыргыз-америкалык эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну өнүктүрүүгө маанилүү салым кошот», — деди Биринчи вице-премьер-министр. Т.Сарпашев белгилегендей, экономика тармактарын өнүктүрүү жана калктын жашоосун жакшыртууда республикадагы негизги стратегиялык документ катары 2013-2017-жылдарга карата Улуттук туруктуу өнүгүү стратегиясы болуп эсептелет. “Келерки беш жылдыкта экономиканы өнүктүрүү негизинен стратегиялык тармактарды өнүктүрүү аркылуу ишке ашырылат, тактап айтканда аларга айыл чарба, энергетика, тоо-кен тармагы, транспорт жана коммуникация жана туризм индустриясы кирет. Ошондой эле улуттук масштабдагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу да ишке ашат. Биз энергетика, транспорт, инновациялык технология жаатындагы кызматташуу республикабыздын өнөр-жайын модернизациялоого көмөк көрсөтөт деп ишенебиз. Учурда кыргыз жана америкалык ишканалардын кызматташуусу үчүн, алсак, энергиянын альтернативдик булактарын өнүктүрүү, туризм, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жана тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр-жай үчүн жабдууларды модернизациялоо жаатында кызматташуу үчүн көптөгөн мүмкүндүктөр бар», — деди Т.Сарпашев. Ошондой эле анда КР Өкмөтү үчүн АКШда колдонулган экспортерлорду финансылык жактан колдоо жана чет элдик инвестициялардын кепилдиги формалары, ошондой эле чет элдик рынокторго чыгуучу кичи жана орто ишканаларды финансылык колдоонун атайы программалары кызыгууну туудурууда. Мындан тышкары, электрдин альтернативдик жана кайрадан орду толуучу булактарын пайдаланууга мүмкүндүк берген “жашыл экономиканы” өнүктүрүүдөгү тажрыйбасы кызыгууну арттырууда. КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү