31

Октябрь

2014

Тайырбек Сарпашев кореялык инвесторлорго Кыргызстанда банк ачууну сунуштады

Бүгүн, 30-октябрда, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев Корея Республикасынан инвесторлор тобун кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Тайырбек Сарпашев белгилегендей, жыл сайын эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык байланыштар кеңейип жана туруктуу өнүгүүгө багыт алууда.

“Өкмөт өлкө экономикасына Корея Республикасынан инвестицияларынын тартылышына кызыкдар. Тактап айтканда, биз Тамчыдагы аэропортту реконструкциялоо, Кайыңды кабель заводун реабилитациялоо, ири логистикалык борборду куруу, алтын кендерин иштетүү боюнча инвестициялык долбоорлорду сунуштап жатабыз», — деди Биринчи вице-премьер-министр.

Ошондой эле Т.Сарпашев инвесторлорго Кыргызстанда банк ачуу жолу аркылуу өлкөнүн финансы тармагына инвестиция тартуу мүмкүндүгүн карап көрүүнү сунуштады.

Өз кезегинде «Korea Eximbank» компаниясынын аткаруучу директору Им Сонг Хег белгилегендей, кореялык инвесторлор Кыргызстан экономикасына, тактап айтканда, финансы, айыл чарба жана тоо-кен тармагына инвестициялоого кызыкдар.

«Truben investment» инвеситициялык комапниясынын төрагасы Хонг Кенгкындын айтымында, эң ириде, инвесторлорду өлкөдөгү саясый туруктуулук жана салынган капиталдардын корголуусу кызыктырат.

Өз кезегинде Т.Сарпашев инвесторлорду Кыргыз Өкмөтү салынган капиталдардын коопсуздугуна кепилдик берип, мындан ары карай инвестициялык долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн үстүндө иш алып бараарына ишендирип кетти.

[su_carousel source="media: 44787,44788,44789,44790" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү