09
Октябрь
Тайырбек Сарпашев корей ишкерлерине логистикалык борборлорду жана ири жер-жемиш сактоочу жайларды курууга инвестициялоону сунуштады
Тайырбек Сарпашев КР Айыл чарба министрлиги жана Корея республикасынын Ён Чон шаары ортосундагы Ысык-Көл облусунда айыл чарба жана мал чарбачылыкты өнүктүрүү жаатындагы кызматташуу жана өз-ара түшүнүшүү жөнүндө кол коюлган Меморандумуна жогорку баа берди. Меморандум алкагында Ысык-Көл облусунун Түп районунда дары-дармек чөптөрдү өстүрүү жана аны кайра иштетүү максатында 20 млн ашуун доллар тартылат.
“Өкмөт Корея Республикасы менен соода-экономикалык байланыштарды иш жүзүндө кеңейтүүгө кызыкдар. Айыл чарбасы өз ара пайдалуу кызматташуунун келечектүү багыттарынын бири болуп саналат. Корей ишкерлерине агрардык тармакта жаңы технологияларды киргизүүнү активдештирүүгө жана тамчылатып сугарууну өнүктүрүүгө инвестиция салууну сунуштайм. Ысык-Көл облусунда тамчылатып сугарууга жарамдуу 100 миң гектардан ашуун жер тилкеси бар. Кореядагы Ён Чон шаары салттуу медицина борбору жана дары чөптөрдү өндүрүүчү катары белгилүү. Кыргызстан дары чөптөргө жана минералдарга бай, аны Кореяга экспорттоо кызматташуунун бир багыты болуусу мүмкүн», — деди ал.
Биринчи вице-премьер-министр ошондой эле корей тарапка логистикалык борборлорду жана ири жер-жемиш сактоочу жайларды куруу жагына инвестициялоону сунуштады.
Өз кезегинде Ким Ёнг Сок белгилегендей, корей бизнесмендери Кыргызстан экономикасына инвестициялоого кызыкдар. «Эгерде Ён Чон шаарынын гана мисалында ала турган болсок, Кыргызстандын айыл чарбасынын ар-кыл тармагына инвестициялоону каалагандардын саны көп. Ошондуктан биз кызматташуубуз так инвестициялык долбоорлор аркылуу тажрыйба жүзүнө ашуусун каалайбыз. Биз заманбап технологияларды агрардык тармакта активдүү киргизүүдө жана өлкөгө керектүү адистерди даярдоого көмөк берүүгө даярбыз», — деди шаар мэри Ён Чон.
[su_carousel source="media: 43451,43452,43453,43454,43455" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү