18

Март

2015

Тайырбек Сарпашев Корея экономикалык өнүктүрүү фондунун делегациясын кабыл алды

Бүгүн, 18-мартта, Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Корея Республикасынын Стратегия жана финансы министрлигинин эл аралык экономикалык иштер боюнча бюросунун башкы директору Чжин Сынг Хону кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 2017-жылга чейинки Улуттук туруктуу өнүгүү стратегиясы алкагындагы социалдык жана инфраструктуралык долбоорлордун ишке ашырылышын талкуулады. Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, Президент Алмазбек Атамбаевдин 2013-жылдын ноябрь айында Кореяга жасаган расмий сапары эки тараптуу кызматташуунун активдештирүү үчүн чоң түрткү берди. «Корей тарапка Бишкекте Корей эл аралык кызматташуу боюнча агенттигинин туруктуу өкүлчүлүгүнүн ачылышы жана Кыргызстанда таза шайлоо өткөрүүгө агенттик тараптан пландаштырылып жаткан көрсөтүлчү көмөк үчүн ыраазычылык билдирем. Жакынкы арада КР Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңештин жыйыны өткөрүлгөн соң, корей тарапка бир катар келечектүү социалдык жана инфраструктуралык долбоорлор сунушталат. Долбоорлор даяр», – деди Сарпашев. Чжин Сынг Хо белгилегендей, Корея экономикалык өнүктүрүү фонду Кыргызстан менен экономикалык кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар. «Фонд Кыргызстан тараптан долбоорлорду тез арада алууга жана алардын ийгиликтүү ишке ашырылышына кызыкдар», – деди ал. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар Кыргыз Республикасында пландаштырылып жаткан биргелешкен социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча келечек кадамдар жөнүндө макулдашты.

[gallery ids="51797"]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү