01
Ноябрь
Бүгүн, 1-ноябрда, Кыгыз Республикасынын Вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев Кыргызстандын бажы кызматы үчүн курулган жаңы Окуу имаратынын жана тажрыйба өтүүчү “Өткөрмө пункту” окуу аянтынын ачылуу аземине катышты.
Тайырбек Сарпашев белгилегендей, бул Окуу борбору бажы кызматы үчүн дүйнөдөгү бажы кызматтарынын ишинде колдонулуучу алдыңкы технологиялар менен таанышып, өздөрүнүн кесиптик чеберчилигин жогорулатууга мүмкүнчүлүк бере турган окуу-машыгуу өтүүчү аянтча болот.
Окуу борбору, Бишкек шаарындагы ОБСЕнин долбоорунун алкагында Кыргызстандын жана Ооганстандын улуттар аралык экономикалык жана экологиялык коркунуч алып келүүчү күчтөрү менен күрөшүүдө Кыргызстан менен Ооганстандын өкмөттөрүнө колдоо көрсөтүүгө жана ак ниеттүү башкаруу демилгелерин өнүктүрүүгө багытталган «Кыргызстан жана Ооганстан бажы кызматтарынын дараметин жогорулатуу» долбоорунун экинчи фазасынын алкагында ачылды.
Жаңы Борбордун негизинде 2013-2014-жылдары эки мамлекеттин 360 бажы кызматкерлери үчүн атайын окуулар өткөрүлүүсү мерчемделүүдө.
Окуу семинарлардын тематикасы баңги заттарын табууга, жүк ташуучу контейнер жана трейлерлерди текшерүүдөгү жана тобокелдиктерди баалоодогу ыкмаларга, документтерди текшерүү усулуна, ошондой эле бажы өткөргүчүн колдонуу техникасына жана алынган көрсөтмө маалыматты анализдөөгө арналмакчы.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү