22
Апрель
2015
Тайырбек Сарпашев дыйкандарды кооперативдерге биригүүгө жана жаңы технологияларды активдүү ишке киргизүүгө чакырды
Бүгүн, 22-апрелде, Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев кыргызстандык фермерлер менен жолугушту. Жолугушуунун катышуучулары кооперативдерди ишке киргизүү жана айыл чарбасында жаңы техниканы пайдалануу жаатында талкуу жүргүздү.
Тайырбек Сарпашев белгилегендей, мамлекеттик банктарда “айыл чарбага багытталган жетиштүү өлчөмдөгү финансылык каражаттар бар”. Буга байланыштуу ал фермерлерге заманбап технология менен жабдылган кооперативдерди түзүү сунушу менен кайрылды.
“Агрардык тармактагы инновациялык технологиялар менен таанышуу үчүн 20-22-майда өтүүчү «Айыл-Агро» 3-Эл аралык көргөзмөсү жакшы аянтча болуп бере алат. Бүгүнкү күндө биз мурдагы уюштурулган жарманкелердин жакшы жыйынтыктары тууралуу айта алабыз. Өткөн жылкы иш-чаралардын алкагында өткөрүлгөн өнөктүк жолугуулардын жыйынтыгы боюнча кыргызстандык фермерлер чет элдик компаниялар менен заманбап айыл-чарба техникаларын алуу боюнча жүзгө жакын келишимдерди түзгөн», – деди Биринчи вице-премьер.
Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле фермерлер тараптан сунушталган тамчылатып сугаруу тутумун орнотуу жана ири күнөсканаларды куруу боюнча долбоорлор талкууланды. Күнөскананы куруу боюнча долбоорлордун бири ишке ашырыла баштаган.
“Кыргызстандын Евразиялык экономикалык бирликке кошулуу алкагында биздин алдыбызда агрардык тармактын техникалык паркын сапаттуу жана ыкчам модернизациялоо милдети турат», – деди Сарпашев.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү