20
Март
2015
Тайырбек Сарпашев Ош облусунун Араван жана Кара-Суу райондорундагы жазгы-талаа иштеринин жүрүшүн көзөмөлдөйт
Бүгүн, 20-мартта, Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин Ош облусуна болгон эки күндүк иш сапары башталды. Сапар алкагында Сарпашев Араван жана Кара-Суу райондорундагы жазгы-талаа иштеринин жүрүшүн көзөмөлдөйт. Мындан тышкары, Премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин катышуусундагы жазгы-талаа иштери маселеси боюнча өтүүчү республикалык селектордук кеңешмеге катышат.
Ошондой эле Биринчи вице-премьер-министр 21-мартта Ош жана Кара-Суу шаарларындагы Нооруз майрамын белгилөө боюнча иш-чараларга катышмакчы.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү