18
Ноябрь
Тайырбек Сарпашев Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин милдеттенмелеринин аткарылышын текшерди
Бүгүн, 18-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев 2014-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин алдыга койгон милдеттенмелеринин аткарылышын текшерди.
Айыл чарба министри Таалайбек Айдаралиев белгилегендей, “Айыл чарбасын каржылоо – 2” долбоорун ишке ашыруу алкагында калкка берилген жеңилдетилген кредиттердин көлөмү 5 млрд 175 млн 700 миң сомду түздү.
Министрдин айтымында, кылкандуу дан эгиндери толугу менен жыйналып бүттү.
“Кылкандуу дан эгиндеринин дүң түшүмү 835 миң тоннаны түздү. Жазгы жана жайкы суу тартыштыгына, кургакчылыкка байланыштуу орточо түшүмдүүлүк өткөн жылга салыштырмалуу төмөн болду. Буурчак өсүмдүктөрү 61 миң га аянттан жыйналып алынды. Анын орточо түшүмдүүлүгү гектарынан 16,3 центнер жыйналган, же өткөн жылдык көрсөткүчтөн 1,6 ц аз, ал эми дан эгиндеринин дүң түшүмү 99,7 миң тоннаны түзүп, өткөн жылдагыдан 10,6 миң т жогору эсептелет, анткени үстүбүздөгү жылы айдоо аянтынын көлөмү 11,1 миң га көбөйтүлгөн», — деп маалымдады министр.
Т.Айдаралиевдин айтымында, үстүбүздөгү жылдын 10 айында республиканын бардык категориядагы чарба жүргүзүүчү субьектилери тарабынан 300 миң тонна 700 кг эт өндүрүлүп, бул көрсөткүч өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 11 миң тоннага көп болуп саналат.
«Этти өндүрүү негизинен “Айыл чарбасын каржылоо – 2” долбоорунун ишке ашырылышына байланыштуу мал башынын көбөйүшүнө байланыштуу орун алган. Республиканын бардык облустары өткөн жылга салыштырмалуу этти көбүрөөк өндүргөн. Сүт өндүрүү көлөмү 1 млн 251 миң тоннага жетип, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 29,2 миң тоннага көп эсептелет. Сүт өндүрүү бардык аймактарда жогорулаган», – деди ал.
Отчетту уккан соң, Биринчи вице-премьер-министр Т.Сарпашев министрликтин 9 айдын жыйынтыгы боюнча алдыга коюлган милдеттенмелеринин аткарылышына канааттанбагандыгын билдирди.
“Дыйкандар арасында кургакчылык мезгилинин орун ала тургандыгы тууралуу түшүндүрүү иштери дээрлик жүргүзүлгөн эмес. Айыл чарбасында инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча иштер да жетиштүү жүргүзүлбөй жатат. Бир жумалык мөөнөттө конкреттүү жыйынтык чыгарып, Өкмөттүн сунушуна өз сунуштарыңыздарды киргизүүңүздөр керек», — деди Тайырбек Сарпашев жана министрге келерки жылга карата ишке ашыруунун конкреттүү чаралары көрсөтүлгөн сапаттуу Милдеттенме-планды түзүүнү тапшырды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү