17

Февраль

2015

Тайырбек Сарпашев Германияга иштиктүү сапары менен барат

Бүгүн, 17-февралда, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев үч күндүк иш сапары менен Германия Федеративдик Республикасына учуп кетти. Сапардын негизги максаты катары инновациялык технологияларды пайдалануу менен шайлоо процессинин жаңы үлгүсүн пайдалануу маселесин талкуулоо жана тажрыйба алмашуу болуп эсептелет. Ошондой эле сапар алкагында Германия өкмөтүнүн мүчөлөрү жана Кыргызстанга жарандардын биометрикалык маалыматын чогултуу үчүн жабдууларды ташыган “Giesecke&Devrient» компания жетекчилиги менен бир катар жолугушуулар пландаштырылган.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү