12

Ноябрь

2014

Тайырбек Сарпашев: «Өлкө жарандарынын көпчүлүгүнүн биометрикалык маалыматтарын 2015-жылдын жаз мезгилине дейре чогултуу иши – аткарылчу милдет»

Бүгүн, 12-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашевдин төрагалыгы астында Бирдиктүү мамлекеттик калктын регистрин түзүү боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйыны болуп өттү. Жарандардын биометрикалык маалыматын чогултуу процессинин жүрүшү тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алина Шаикова баяндады. Анын айтымында, биометрикалык маалыматтарды чогултуу үчүн 950 комплект жабдуунун 600ү өлкөнүн аймактарында жайгаштырылган. «Мисалга, Ош шаарына - 20 комплект, Ысык-Көл облусуна - 82, Ош облусуна - 110, Нарын облусуна - 75, Жалал-Абад облусуна – 112 жана Чүй облусуна 125 комплект жөнөтүлгөн. Ал эми Бишкек шаары боюнча маалыматтарды чогултуу иши 4 райондо жүргүзүлүүдө; Свердлов районунда - 10 пункт, Ленин районунда - 12, Биринчи-Май районунда – 9 жана Октябрь районунда 13 пункт түзүлгөн. Ошондой эле маалыматтарды чогултуу пункту 9 борбордук ЖОЖдо түзүлгөн. Ал эми өз биометрикалык маалыматын тапшырган жарандардын жалпы саны 30 миң адамдан ашты», — деди Алина Шаикова. Андан соң аймактардын биометрикалык маалыматтарды on-line конференц-байланыш режиминде чогултууга карата даярдыгы тууралуу Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү баяндама жасашты. МКК жетекчисинин жана жергиликтүү бийлик башчыларынын баяндамалары менен таанышкан соң, Биринчи вице-премьер-министр үстүбүздөгү жылдын 25-ноябрына карата биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча алынып келинген бардык 600 комплектти ишке киргизүү тапшырмасын берди. Мындан тышкары, Ош жана Жалал-Абад облустары үчүн биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча комплекттерди кошумча бөлүштүрүп берүү тапшырмасы берилди, андагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн маалыматы боюнча, жабдуулар жетишпей жатат. “Жабдуунун бир жагы комплекти резервде турбашы керек. Декабрь, январь жана февраль айларында айыл жергесиндеги көпчүлүк жарандардын биометрикалык маалыматын чогултууга мүмкүндүк бар. Райондордун акимдери жарандардын биометрикалык маалыматы камтылган Бирдиктүү регистрдин түзүлүшүнө жекече жоопкерчилик алышат. 1-январга карата 1 млн кем эмес жарандын биометрикалык маалыматын чогултуу керек. Бул колдон келчү иш. Биометрикалык маалыматтар мамлекеттүүлүктү, коом коопсуздугун чыңдоо жана жарандардын ыңгайлуулугу үчүн өтө маанилүү иш болуп саналат, анткени келечекте мамлекеттик тейлөө биометрикалык маалыматтар боюнча жүргүзүлөт. Мындан тышкары, биометрикалык маалыматтарды камтыган Бирдиктүү мамлекеттик калктын регистрин түзүү алдыдагы парламенттик шайлоону акыйкат өткөрүүгө шарт түзөт», — деди Т.Сарпашев. Кеңешменин жыйынтыгында Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, айрым эксперттердин жана коомдук ишмерлердин жарандардын биометрикалык маалыматы сакталган маалымат базасын бузуу мүмкүндүгү орун алаары тууралуу ЖМК аркылуу билдирүүлөрү чындыкка жатпайт.   «Биометрикалык маалыматтарды чогултуунун жүрүшүндө алынган маалыматтарды сактоо жана иштеп чыгууда коопсуздук деңгээли бардык тийиштүү талаптарга жооп берет», — деди Т.Сарпашев. [su_carousel source="media: 45432,45433,45434,45435,45436" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү