09

Апрель

2013

Бул тууралуу 9-апрелде КР вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев Чүй облусун а болгон  иш сапары учурунда билдирди. Тайырбек Сарпашев Чүй облусунун Кемин, Чүй жана Ысык-Ата райондорунда болду. 

Райондорду кыдыруунун негизги максаты жазгы -талаа иштеринин жүрүшү менен таанышуу деп  белгиледи Тайырбек Сарпашев.

Иш сапардын учурунда Тайырбек Сарпашев дыйкандар, фермерлер менен жолугушту жана агрардык тармактагы көйгөйлүү маселелер боюнча ой-пикирлер айтылып, аларды чечүүдө мамлекет тарабынан кандай көмөк көрсөтүүлөрү тууралуу сөз болду. 

Жолугушуу учурунда дыйкан чарбаларынын жетекчилери Т. Сарпашевге машина-трактордук станцияларды уюштуруу, жер семирткичтерди жана үрөндөрдү борбордоштурулган түрдө дыйкандарга жеткизүү, сатып алуучу даярдоо пункттарды уюштуруу тууралуу маанилүү маселелерге көңүл бөлүүнү суранышты.

Дыйкандардын ой-пикирлерин, суранычтарын уккандан соң вице-премьер-министр Чүй облусунда жазгы – талаа иштери  аяктаганын белгиледи. “Сиздер койгон маселелер өтө курч жана актуалдуу. Биз белгиленген проблемаларды  өз кезеги менен чечип жатабыз. Мисалы, дыйканчылыкка жана мал чарбачылыкка жеңилдетилген насыяларды берүү  маселеси чечилди. 4,5 млрд. сомдук насыя куржуну фермерлерден түшкөн заявкалардын бардыгын жабат. Ошондой эле техникаларды лизингге берүү боюнча көлөмдүү иш жасадык”, - деп айтты ал. 

Дыйкандар өстүргөн продукцияларды өткөрүү маселеси боюнча Тайырбек Српашев: “Кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү гана агрардык азыктарды өткөрүү маселесин чечет. Бул багытта биз биринчи кадамды жасадык. Кайра иштетүүчү ишканалар жакында кирешеден алынуучу салыктан үч жылга бошоттук. Бул алар үчүн маанилүү жөлөк болот деп ишенем”,- деп белгиледи. 

Иш сапардын жыйынтыгын чыгарып жатып Тайырбек Сарпашев жазгы-талаа иштеринин жүрүшү канааттандыралык деп билдирди. “Айрым кемчиликтер бар, келечекте аларды  аткаруу үчүн тиешелүү жыйынтыктарды чыгарууга аракеттенебиз жана республиканын агрардык секторуна колдоо көрсөтүү мындан дагы натыйжалуу болот”, -деди вице-премьер-министр. 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын      маалыматтык саясат бөлүмү