19

Декабрь

2014

Тайырбек Сарпашев: «2015-жылы ар ай сайын 100 кем эмес айыл чарба техникасын лизингге берүү пландаштырылууда»

Бүгүн, 19-декабрда, айыл чарба техникасын лизинг шартында алган дыйкандарга «Беларус 82.1» маркасындагы 19 тракторду, «Нива Эффект СК5» комбайнын жана пресс-подборщикти тапшыруу аземи болуп өттү.

Айыл чарба техникасын тапшыруу маалында Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев билдиргендей, бүгүн Евразиялык өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) 20 млн доллар өлчөмүндөгү кредит эсебинен лизингдик негизде алынып жаткан айыл чарба техникасынын биринчи партиясы бөлүнүүдө.

“Бул суммага 1 миңден ашуун айыл чарба техникасын, же ай сайын 100 кем эмес айыл чарба техникасын лизингге берүү пландаштырылууда. Белгилесек, Өкмөт мындан ары карай дагы айыл чарба техникасынын паркын жаңыртуу боюнча ишти активдүү жүргүзүүнү улантат. Үч ай ичинде биз 60% кем эмес айыл чарба техникасын жаңыртууга аракеттенебиз», — деди Т.Сарпашев.

[gallery ids="47775,47776,47777,47778,47779,47780,47781,47782,47783,47784,47785,47786,47787,47788,47789"]

Отдел информационного обеспечения

Аппарата Правительства КР

 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү