09
Февраль
Жергиликтүү чиновниктер билдиргендей, өткөн жылды Талас облусу жакшы жыйынтыктар менен аяктаган. Мисалы, айыл чарбасында өстүрүлгөн продукциянын көлөмү 12920, 6 млн. сом түзгөн. 755,5 млн. сомдук өнөр жай продукциясы чыгарылган жана өсүү темпи 1384,0 пайызды түзгөн. Мындан тышкары облуска 767,1 млн. сом инвестиция тартылган. Экспорттун көлөмү 1384,0млн. сомду, импорттун көлөмү 140,0 млн сомду түзгөн. Облус боюнча орточо эмгек акысы 8 262 сомду түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу 524 сомго көбөйгн.
Вице-премьер-министр өз сөзүндө райондун жана айыл өкмөттүн жетекчилеринин учурдагы ыйгарым укуктарынын көптүгүн айтып Талас облусунун калкынын көйгөйлөрүн чечүүдө аны колдонуунун зарылчылыгына токтолду. “Айылдыктардын турмушун оңдоо үчүн айыл чарбасын жана кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүбүз керек. Биз дыйкандарды жеңилдетилген кредиттер жана лизингге техникаларды берүү жагын алдыга жылдырдык, бирок өстүрүлгөн айыл чарба азыктарын кайра иштетүү жагы начар абалда. Жакынкы жылдары биз чийки заттарды өлкөдөн чыгарбастан кайра иштетүүчү ишканаларга басым жасап даяр продукцияларды алып чыгышыбыз керек. Ошондо дыйкандар кошумча киреше алышат жана жаңы иш орундары пайда болот. Бул өтө маанилүү социалдык милдет”,- деди ал.
Вице-премер-министр коллегиянын ишин жыйынтыктап жатып ар бир чиновник өзүнүн түз кызматтык милдеттерин так аткарууга жана жакында кабыл алынган Кыргызстандын туруктуу өнүгүү Стратегиясындагы региондорду өнүктүрүү боюнча милдеттерди ишке ашырууга көңүлүн бурду.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү