02

Апрель

2015

Тайырбек Сарпашев иш сапары менен Талас облусуна жөнөп кетти

Бүгүн 2-апрель күнү Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев Талас облусуна эки күндүк иш сапары менен жөнөп кетти.

Т.Сарпашев иш сапар учурунда облустагы жазгы талаа жумуштарынын жүрүшү, “Жан”, “Сарымсак”, “Бакты-Ногой” жана “Кадыралы” каналдарынын тазалоо иштеринин аткарылышы, сүттү кайра иштетүү ишканасынын, айыл чарба кооперативдеринин ишмердүүлүгү, Кара-Буура районунун Шекер айылдык аймагындагы Арчагул айылында Дүйшөн атындагы орто мектептин курулушу менен таанышат.

Т.Сарпашев андан сырткары дыйкан фермерлер менен жолугат.  

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү