21
Ноябрь
Тайырбек Сарпашев: «Биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча пландаштырылган темпке чыктык»
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев Жалал-Абад облусу боюнча иш сапарынын алкагында Таш-Көмүр шаарында Чаткал, Ала-Бука, Аксы райондорунун жана Кара-Көл жана Майлуу-Суу шаарларынын активдери менен жолугушту.
Т.Сарпашев белгилегендей, жалпы республика боюнча эки күн катары менен 30 миңден жарандын биометрикалык маалыматтары чогултулууда.
“Натыйжада, биз биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча пландаштырылган темпке чыктык. Азыр 170 миңден ашык жаран өз маалыматын тапшырды. Биз бул темптен артта калбашыбыз керек. Жылдын соңуна дейре 1 млн жарандын биометрикалык маалыматы чогултулушу кажет. Жалпысынан кышкысын биз 2,5 млн кем эмес жарандын биометрикалык маалыматын чогултуубуз керек», — деди ал.
Район акимдеринин жана шаар мэрлеринин отчетун угуп болгон соң, Т.Сарпашев аларга жарандардын тизмесин сапаттуу түзүү менен биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча штаб жыйынын жума сайын өткөрүп турууну тапшырды.
Ошондой эле Биринчи вице-премьер-министр жергиликтүү бийликке фермерлер арасында айыл чарба техникасын лизингге алуу маселеси боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды. «Айыл чарба техникасын лизингдик негизде берүү үчүн жалпы көлөмү 20 млн доллар суммасындагы жаңы кредиттик линия ачылды. Бул каражаттардын негизги бөлүгүн жазгы талаа иштери башталганга дейре өздөштүрүү зарыл», — деди Тайырбек Сарпашев.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү