25

Ноябрь

2014

Тайырбек Сарпашев Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн 2014-жылга карата Иш-аракет пландарынын аткарылышы жөнүндө отчетун укту

Бүгүн, 24-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн 2014-жылга карата Иш-аракет пландарынын, милдеттенмелердин аткарылышы жөнүндө отчетун укту. Иштиктүү жыйындын башталышында аймактардагы биометрикалык маалыматтарды чогултуунун жүрүшү жөнүндө маселе каралды. «Жалал-Абад облусу боюнча иш сапарынын жүрүшүндө белгилүү болгондой, аталган аймакта биометрикалык маалыматтарды чогултууну активдештирүү зарыл. Ош шаары жана Ош облусу биометрикалык маалыматтарды активдүү чогултууда. Келерки жумада дагы аймактарга чыгып, биометрикалык маалыматтарды чогултуунун жүрүшү менен жеринде таанышып чыгам. Бардык облустар 2015-жылдын 1-мартына карай биометрикалык маалыматтарды чогултуп бүтүшү керек. Нарын жана Талас облустары тийиштүү жабдуу менен камсыздалгандыгына байланыштуу маалыматтарды белгиленген мөөнөттөн эрте жыйынтыктоо мүмкүндүгү бар», — деди Т.Сарпашев. Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, жыл жыйынтыгы боюнча ар-бир акимге жана Ыйгарым укуктуу өкүлгө район, облустардын социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыгы, ошондой эле биометрикалык маалыматтарды чогултуусу боюнча жеке баа берилет. Андан соң Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн 2014-жылга карата Иш-аракет пландарынын, милдеттенмелердин аткарылышы жөнүндө отчету каралды. Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Койсун Курманалиева белгилегендей, үстүбүздөгү жылы алдыга 21 милдет коюлуп, ал өзүнө 48 иш-чараны камтыган. Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата 32 иш-чара аткарылып, үчөө аткарылган эмес, калгандары аткаруу баскычында турат. «Үч аткарылбаган пункт боюнча иштер жүрүүдө. Ал Покровка айылындагы жашылчаларды кайра иштетүүчү заводдун курулушу үчүн инвесторлорду тартуу, Талас шаарындагы картошканы кайра иштетүүчү заводун ишке киргизүүгө байланыштуу болуп саналат», — деди ал. Жалал-Абад облусунун өкүлү Жумагүл Эгамбердиева белгилегендей, областтык администрация алдында 25 милдет коюлган жана анда 46 иш-чараны ишке ашыруу каралган. «Бүгүнкү күнгө карата 46 иш-чаранын 28и аткарылып, жылдын соңуна дейре 5өө аткарылып бүтөт, 2015-жылга пландын 10 милдетин аткаруу өткөрүлөт. Облустук администрациядан көзкарандысыз эсептелген факторлорго байланыштуу 3 иш-чара аткарылган эмес”, — деди баяндамачы. Нарын облусу боюнча Аманбай Кайыпов билдиргендей, алдыга коюлган 65 милдеттин 56сы аткарылып, калганы ишке ашырылууда. Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Раззаков маалымдагандай, 46 алдыга коюлган иш-чаранын 38и аткарылган, калганы ишке ашырылууда. Чүй жана Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери маалымдагандай, алдыга коюлган дээрлик бардык милдеттер аткарылып, калгандары ишке ашырылууда. Тайырбек Сарпашев ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн жана мэрлердин отчетторун угуп болгон соң, жыл жыйынтыгы боюнча КР Өкмөтүнүн кеңешмесинде аймактын отчеттору тыкыр каралып чыгаарын билдирди. «Ошондой эле 2015-жылга карата сунушталган Иш-аракет пландарды, милдеттенмелерди толуктап иштеп чыгууну өтүнөм. Бардык киргизилген Пландар – чийки, аларда тактык жок болууда», — деди Т.Сарпашев.

[su_carousel source="media: 46290,46291,46292" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү