30
Март
«Таза Коом» долбоорун ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдарда санариптик өнүктүрүү боюнча жетекчисинин орун басары кызмат орду киргизилди
«Таза Коом » долбоорун ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында санариптик өнүктүрүү боюнча жетекчисинин орун басары кызмат орду киргизилди.
Тийиштүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кол койду.
Аталган чечим Кыргыз Республикасында аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарындагы процесстерди жана информациялык технологияларларды мындан ары автоматаштыруу максатында кабыл алынды.
«Санариптик трансформация, мамлекеттик кызматтарды электрондук форматка өткөрүү, процедураларды жөнөкөйлөтүү жана мамкызматкердин калк менен болгон контактарын кыскартуу, мунун бары бир гана элдин убарасын азайтпастан, коррупцияны алдын алчу инструмент болот. Министрлердин жаңы орун басарлары жаш жана мыкты билими бар профессионалдар, алар министрлик жана ведомстволордогу санариптик трансформация боюнча долбоорлорду алдыга жылдыруунун үстүндө иштешет», - деп Сапар Исаков чечимин комментарий кылды.
«Долбоорлордун көбү азыркы тапта бир нече министрликтер тарабынан ишке ашырылууда: бул кылмыштарды каттоого алуунун электрондук китеби, электрондук патент, бала бакчаларга жана мектептерге электрондук кезеке туруу, мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү порталы, маалыматтык киоскалар, «Акылдуу шаар», салык процедураларын фискалдаштыруу жана башкалар. Башка министрлик жана ведомстволор санариптик трансформацияга кошулуусу зарыл. Министрлик жана ведомстволордо тийиштүү экспертизасы бар кадрлардын жоктугана байланыштуу, бул мекемелердин потенциалы ишке ашпай калып жатат», - деди Өкмөт башчы
Жаңы кызмат штаттык сандын жана эмгек акы фондунун чектеринде «Таза Коом» долбоорун ишке ашыруунун алкагында процесстерди жана маалыматтык технологияларды автоматташтыруу маселелерин координациялоо боюнча функцияларды жана ыйгарым укуктарды тапшыруу менен киргизилүүдө.
Ушул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын штаттык сандарынын алкагында жана алар үчүн 2018-жылга жана келерки жылдарга каралган каражаттардын чектеринде төлөнө тургандыгы белгиленүүдө, демек, чечимдин алкагында штаттык бирдиктерди кеңейтүү жана кошумча чыгымдар күтүлбөйт.
Төмөндө санариптик өнүктүрүү боюнча мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары кызматы кийирилген аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын тизмеси:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги.
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги.
5. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги.
6. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.
7. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги.
8. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги.
9. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги.
10. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги.
11. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети.
12. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети.
13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги.
14. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги.
15. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы.
16. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы.
17. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы.
18. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы.
19. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы.
20. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы.
21. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд.
22. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду.
23. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү