31

Декабрь

2018

Тажикстан Премьер-министри Кохир Расулзода Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди Жаңы жылы менен куттуктады

Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевди Жаңы жылы менен куттуктады.

«Тажикстан Республикасында Кыргыз Республикасы менен жетишилген өз ара кызматташтык деңгээлин жогору баалашат. Биздин өз ара сый жана ишенимге негизделген жемиштүү жана достук байланыштар мындан ары да кеңейет жана өлкөлөрүбүздүн бакубатчылыгы үчүн бекемделе берет деп ишенем», - деп айтылат куттуктоодо.

[su_carousel source="media: 127804" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]  

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү