22
Апрель
Тажикстандын Премьер-министри Кохир Расулзода КР Премьер-министри Сооронбай Жээнбековду кызматка дайындалышы менен куттуктады
Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода Сооронбай Жээнбековду Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады.
Тажикстан Премьер-министри Кохир Расулзода Премьер-министр Сооронбай Жээнбековго ден-соолук жана ийгиликтерди, ал эми бир тууган Кыргызстан элине тынчтыкты жана өнүгүүнү каалады.
“Сиздин активдүү катышууңузда Тажикстан Республикасы жана Кыргыз Республикасы ортосундагы достук, өз-ара сый жана ынак коңшулаштык принциптерине негизделген эки тараптуу мамилелердин жалпы спектри мындан ары карай да кеңейүүгө жана жаңы мазмунга ээ болооруна ишеним билдиребиз”, - деп айтылат Тажикстан Өкмөтүнүн башчысынын куттуктоосунда.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү