31
Август
2018
Тажикстандын Премьер-министри Кохир Расулзода Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевди Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.
«Тажикстанда биздин өлкөлөр ортосундагы түзүлгөн достук жана коңшулук салттуу байланыштарды жогору баалашат.
Ириде өз-ара сый, ишеним жана өз-ара түшүнүшүү принциптерине негизделген тажик-кыргыз мамилеси келечекте да эки өлкө элдеринин бакубаттуулугу үчүн өнүгүп-өсө берээрине ишеним билдирем», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Премьер-министр Кохир Расулзода Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге – ден-соолук жана ийгиликтерди, ал эми бир тууган Кыргыз Республикасынын элине тынчтык, бакубаттуулук жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү