01
Август
Темир Сариев: «Бүгүн биз дагы бир ири ишкана ачуудабыз. Алдыда ишканаларды ишке киргизүү улантылат. Биздин милдет – мамлекет кубаттуулугун түптɵɵ»
Бүгүн, 1-августта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Жалал-Абад облусуна сапардын алкагында Ала-Бука районундагы жайгашкан Бозумчак кениндеги «Казакмыс Голд-Кыргызстан» тоо кен иштетуучу ишканасынын ишке берүү аземине катышты.
Ачылыш аземинде Темир Сариев аталган комбинаттын ачылышы өлкɵ экономикасы үчүн чоң мааниге ээ экенин белгилеп, бул күн майрам катары кабылданаарын билдирди. Ушул аптада гана Талды-Булак Сол Жээк кениндеги «Алтын-Кен» ишканасы ишке берилгенин маалымдаган Премьер-министр бул сыяктуу бир катар ишкана, комбинаттарды ишке киргизүү улантылаарын билдирди.
«Мамлекетибиз эгемендүүлүк алгандан тарта бир катар кыйынчылыктарды баштан ɵткɵрдү. Өткɵɵл учурда фабрика, завод, ишканалар токтоп калды, жарандарыбыз башка ɵлкɵлɵргɵ иш издеп, Россия, Казакстан сыяктуу ɵлкɵлɵргɵ чыгууга аргасыз болушту. Ушундай учурда биз жаңы ишканаларды ишке киргизип, жумуш орундарын түзүп, мамлекетибиздин эгемендигин, кубаттуулугун бекемдеп, туруктуу ɵнүгүүсүн камсыздашыбыз зарыл. Биздин алдыбызда бир гана жол бар, - ал - ɵнүгүү жолу», - деп белгиледи Т.Сариев.
Өкмɵт башчы билдиргендей, комбинат буга дейре тесттик режимде иш алып барып жаткан, сентябрдын соңунан тарта ал толук кубаттуулукта ишке берилмекчи. «Андан жыл аягына дейре 200 млн сом салык түшсɵ, анын 50 млн сомдон ашыгы жергиликтүү бюджетке келип түшɵт. Эгерде ишкана толук кандуу ишке берилсе, анда жылына мамлекеттин казынасына 400 млн сом которулат, ошол эле учурда миңден ашуун жумушчу орун пайда болот. Эки комбинаттан жылына 1,5 млрд сом салык түшɵт, 2 миңге жакын адам иш менен камсыздалат», - деп билдирди ал.
Премьер-министр мындан тышкары Өкмɵт Таластагы «Жерүй» кенин ишке берүү кɵздɵлүп жатканын маалымдады. Кенди иштетүү үчүн уруксаат кагазы үчүн түшкɵн 100 млн доллар каражатка республикада 100 жаңы мектеп салу жана дагы 100 мектепти капиталдык оңдоодон ɵткɵрүү пландалып жатат.
Өкмɵт башчы мамлекетти ɵнүктүрүүгɵ багытталган ушундай долбоорлорго тоскоолдук келтирүүнү каалаган жактар бар экендигин белгилеп, мындай адамдарды жоопкерчиликке тартуу жагы каралаарын эскертти. «Биздин мамлекет учурда «Тартип, тартип жана дагы бир ирет тартип» деген талаптын алдында иш алып баруусу абзел. Кыргызстан ɵзүм билемдиктен тажап бүттү. Кубаттуу мамлекет куруп, мектептерди, ооруканаларды, жолдорду, ГЭСтерди куруу долбоорун ишке ашырабыз десек, мыйзамды сактап, тартипке ɵзгɵчɵ кɵңүл буруубуз зарыл», - деди Т.Сариев.
Мындан тышкары Премьер-министр алдыдагы парламенттик шайлоо маселесине токтолуп, анны тынч жана мыйзамдуу түрдɵ ɵткɵрүп алуу маанилүү экендигин билдирди. Шайлоону ачык-айкын ɵткɵрүү максатында жаңы технологиялар жана биометрикалык каттоо ыкмалары киргизилип жаткандыгын кошумчалады.
[su_carousel source="media: 60696,60697,60698,60699,60701,60703,60702,60704" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59826,59825,59824,59823" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59818,59819,59820,59821,59822,59823,59824,59825,59826,59827,59828" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59274,59275,59276,59277,59278,59279,59280,59281,59282,59283,59284,59285" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 58683,58684,58685,58686,58687,58688,58689,58690,58691,58692,58693,58694,58695,58696,58697,58698,58699,58700" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү