09

Май

2015

Темир Сариев: «Жалпы кыргызстандыктардын Улуу Ата-Мекендик согуштагы каармандыгы, тылдагы күжүрмөн эмгеги чыныгы жарандык эрдиктин үлгүсү катары түбөлүккө сакталат”

Бүгүн, 9-майда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Улуу Ата-Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгына арналган иш-чарага катышты. Өкмөт башчы Улуу Ата-Мекендик согуш мезгилинде курман болгондорду эскерүү иретинде борбордогу Жеңиш аянтында жайгашкан Түбөлүк от мемориалдык комплексине гүлчамбар коюу аземине катышты. Иш-чарага ошондой эле Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлери, тылдын жана эмгектин ардагерлери, КР Жогорку Кеңешинин Төрагасы Асылбек Жээнбеков, КР Жогорку сотунун төрайымы Феруза Жамашева, Президенттик Аппараттын Жетекчиси Данияр Нарымбаев жана КР Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын начальниги Асанбек Алымкожоев, КР Өкмөтүнүн мүчөлөрү, ошондой эле дипломатиялык корпус өкүлдөрү катышты. Мындан тышкары, Премьер-министр Ала-Тоо аянтындагы аскердик парадга катышты. Иш-чарадагы сөзүндө Темир Сариев белгилегендей, Улуу Ата-Мекендик согуштун 70 жылдыгына арналган иш-чаралар өлкөнүн ар-бир аймагында өткөрүлүүдө. «Согуштагы жеңишке баа жеткис салымын кошкон миллиондон ашуун мекендештерибиз тылда тынымы жок эмгектенип, кайратмандыктын, туруктуулуктун жана адилеттүү жеңишке болгон бекем ишенимдин үлгүсүн көрсөтүшкөн. Жаш-кары дебей, жалпысы эмгек майданында эрдик көрсөтүшкөн. Кенедей балдар талаада машак терип, 8-10 жаштагы эрезеге жете элек балдар, бою жетпесе да, станокко туруп, 12 саат тынымсыз иштегендери кантип элдин эсинен чыгып кетсин? Бул баатырлык азыркы балдарга жана кийинки урпактарыбызга чоң сабак болууга тийиш», — деди ал. «Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында кыргызстандык жоокерлердин көрсөткөн эрдигин жана баатырдыгын эсте сактоо жана түбөлүккө калтыруу, өсүп келе жаткан муунда мекенчилдик сезимди тарбиялоо – биздин эң негизги максат-милдетибиз. Сиздер ажал отун кечип, биздин келечегибиз учун күрөшкөнүңүздөргө терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Биз согуштан кийин төрөлүп, анын запкысын тартпай, гүлдөгөн эркин өлкөбүздө жашаганыбыз үчүн башыбызды ийип, Сиздерге таазим кылабыз! Арабызда опол тоодой тирек болуп жүрө бериңиздер! Биз Сиздерге чың ден-соолук, күч-кубат жана бакубат жашоо каалайбыз», — деп жыйынтыктады сөзүн Өкмөт башчы. Аскердик парад аяктаган соң Премьер-министр көчмө чатырларда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана тылдын эмгекчилери менен жолугушуп, алар менен бирге аскердик боткодон оз тийип, жеңиш ээлерин дагы бир ирет Улуу Жеңиш күнү менен куттуктады. [su_carousel source="media: 54545,54546,54547,54548,54549,54550,54551,54552,54553,54554,54555,54556,54557,54558,54559,54560,54561,54562,54563,54565,54566,54567,54568,54569,54570,54571,54572,54573,54574,54575,54576,54577,54578,54579,54580,54581,54582,54583,54584,54585,54586,54587,54588,54589,54590,54591,54592,54593,54594,54595" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү