17
Июнь
Темир Сариев: "Улуттук электр тармактар ишканасы электр энергиясынын техникалык жоготуусун 5%га, бөлүштүрүүчү компаниялар 14%га түшүрүшү керек"
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев 13-июнда Жалал-Абад облусуна иш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСинин иши менен таанышкан. Анда өлкөдөгү энергетика тармагындагы ишканалардын жетекчилери менен жыйын куруп, бир катар тапшырмаларды берген. Алардын арасында техникалык жоготууларды азайтуу, ар бир жетекчиге бул багытта өз алдынча план иштеп чыгуу, бул тармакта коррупцияга каршы иш-чараларды күчөтүүнү тапшырган.
Айрым маалымат каражаттары Премьер-министр Темир Сариевдин энергетика тармагындагы техникалык жоготууларды 5%га чейин төмөндөтүү тапшырмасын бергенин жазып чыгышты. Буга байланыштуу өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмү айрым маалыматтарга тактоо киргизүүнү туура көрдү.
Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргыз Республикасынындагы энергетикалык тармактагы жалпы техникалык жоготуулардын саны учурда 22%ды түзөт.
Премьер-министр Темир Сариев 2015-жылдын аягына чейин Кыргызстандын Улуттук электр тармактар ишканасына (ЛЭП 500/220/110 кВ) техникалык жоготууларды 5%га чейин, бөлүштүрүү компанияларынын түйүндө (ЛЭП 35/10/6/0,4 кВ) жоготууну 14%га чейин төмөндөтүү тапшырмасын берди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү