26

Июнь

2015

Темир Сариев Кадамжай сурма комбинатынын жана Кызыл-Кыя тамеки ферментациялык заводунун ишин активдештирүүнү тапшырды

Бүгүн, 26-июнда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Баткен облусуна жасаган эки күндүк иш сапарынын алкагында Кадамжай сурма комбинатынын учурдагы абалы менен таанышып, андагы жумушчулар менен баарлашты.

Аталган комбинат акыркы кездерде сырьенун жоктугунан толук кандуу иштебей келет.

Темир Сариев комбинатты иштеткен казакстандык “АТФ-инвест” компаниясынын өкүлдөрү комбинатты иштетүү максатында орус жана тажикстандык өнөктөр менен биргеликте аракеттенип жаткандыгын билдирди.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн маалыматына ылайык, комбинат жетекчилиги тараптан мамлекет алдындагы милдеттер аткарылбай, анын натыйжасында ишкана мамлекеттик органдарга 60 млн сомго жакын карыз болуп калган.

Буга байланыштуу Темир Сариев 2015-жылдын 20-июлуна чейин Баткен облусундагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнө жана Кадамжай районунун акимине аталган инвесторлор менен биргеликте заводду толук кандуу иштетүү үчүн Иш-планын даярдап чыгууну тапшырды.

“Биз сиздерди колдоого даярбыз, бирок инвестор мамлекет алдындагы мыйзамдуу милдеттенмелерин аткаруусу тийиш. Эгерде көрсөтүлгөн убакытта тийиштүү План иштелип чыкпаса, комбинатты банкрот деп жарыялап, сырткы башкаруучу киргизүүгө мажбур болобуз”, - деп эскертти Премьер-министр.

Өкмөт башчынын айтымында, комбинат ишин колдоо үчүн Жалал-Абад облусундагы Терек-Сай кениндеги сырье өндүрүүчү кенди иштетүүгө уруксаат берилген, үстүбүздөгү жылдын 3-августунда ага карата сынак өткөрүлөт.

Андан соң Өкмөт башчы сапар алкагында Кызыл-Кыя шаарындагы тамекини ферментациялоочу заводдун абалы менен таанышып чыкты.

Аталган завод сырьенун жоктугунан 2012-жылдан бери карай токтоп турат. Темир Сариев Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте заводду өнүктүрүүнүн келечек программасын иштеп чыгуусун тапшырды.

Премьер-министр бүгүнкү шартты эске алуу менен заводдун ишине өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгын билдирди. Анын айтымында, завод базасында заман талабына жооп берген ар-түрдүү багыттагы кичи ишканаларды түзүү керек.

[su_carousel source="media: 58283,58284,58285,58286,58287,58288,58289" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү