25
Июнь
Темир Сариев: “Өкмөт чектеш аймактардагы социалдык-экономикалык абалды жакшыртууга болгон күч-аракетти жумшоодо”
Бүгүн, 25-июнда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ош – Исфана – Баткен жолунун реконструкцияланышы жана Ак-Сай айыл аймагындагы Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык автожолунун курулушу менен таанышты.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин өкүлдөрү маалымдагандай, жалпы баасы 91,4 млн АКШ долларына бааланган Исфана – Баткен – Ош жолунун 220-232 чакырымдарын оңдоо иштери дээрлик бүткөрүлдү. Учурда 271-360 чакырым аралыгын оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Долбоорду 2016-жылдын аягына чейин жыйынтыктоо каралууда.
“Ош – Исфана – Баткен жолунун курулушу Баткен облусу үчүн абдан маанилүү болуп саналат. Бир топ жылдар бою чектеш аймактардын, анын ичинде Баткен облусунун өнүгүүсүнө жетишээрлик түрдө көңүл бөлүнбөй келген. Учурда мындай актай жерлерди толтурууга колдон келген аракеттер жүрүп жатат”, - деди ал.
Премьер-министр өкмөт өлкөдөгү жолдордун сапатына өзгөчө көңүл бурулаарын эскертип, аталган жолду реконструкциялоо иштерин өз мөөнөтүндө жана сапаттуу бүткөрүү тапшырмасын берди.
Мындан тышкары Өкмөт башчы чекарадагы аймактардагы элдин коопсуздугун камсыздоо боюнча иштер аткарылып жаткандыгын билдирди. “Учурда Тажикстан менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү, ушундай эле багыттагы сүйлөшүүлөрдү Өзбекстан менен дагы өткөрүү пландаштырылууда. Талаш жерлер сүйлөшүүлөр аркылуу чечилиши тийиш”, - деп билдирди Темир Сариев.
Андан соң Премьер-министр Ак-Сай – Рават жолунун курулушу менен таанышты. Буга катар Өкмөт башчы Көк-Таш айылында жергиликтүү калк менен жолугушуп, андагы бала-бакчанын курулушунун жүрүшүн көзөмөлдөдү. Чек ара аймагында жайгашкан айылдагы 50 орундук бала бакчаны куруу үчүн 2015-жылга 14 млн 460,8 миң сом акча каражаты каралып, 4,5 млн сомдук курулуш иштери аткарылган.
“Өкмөт аймактардагы социалдык-экономикалык абалды жакшыртууга болгон күч-аракетти жумшап жатат. Алсак, учурда Баткенде 42 социалдык обьектинин курулушу жүрүүдө. Бул багытта быйылкы бюджеттен кошумча түрдө 17 млрд каражат салынды, анын ичинен 500 млн сому социалдык обьектилердин курулушуна жумшалат”, - деди Темир Сариев.
Премьер-министр Темир Сариев Ак-Сай айыл аймагындагы Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык автожолунун курулушун көзөмөлдөдү. Премьер-министр бул жолдун чектеш аймак үчүн өзгөчө маанисин белгилеп, жолдун бүткөрүлүшү менен Лейлек районуна, Сүлүктү шаарына, Баткен районунун Самаркандек, Ак-Татыр айылдык аймактарына Тажик Республикасынын аймагын айланып өтүүчү көз карандысыз автоунаа каттамы ачыларын билдирди. Узундугу 25 чакырымга созулган жолдун курулушун бүткөрүү үчүн Темир Сариев бюджеттен кошумча каражат каралганын билдирип, жолду өз убагында бүткөрүү талабын койду.
[su_carousel source="media: 58235,58236,58237,58238,58239,58240,58241,58242,58243,58244,58245" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү