29

Июль

2015

Темир Сариев: "Бүгүн биз жаңы ишкана ачып, миңден ашуун жумушчу орундар түзүлдү"

Бүгүн, 29-июлда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Кемин районунун Орловка айылындагы Талды-Булак Сол Жээк кенинде жайгашкан "Алтынкен" комбинатын ишке берүү аземине катышты.

Ачылыш аземинде Темир Сариев аталган комбинаттын ачылышы өлкө үчүн чоң мааниге ээ экенин белгилеп, экономика үчүн орчундуу окуя деп атады.

Темир Сариевдин айтымында Талды-Булак Сол Жээк кени өткөн кылымдын 60-жылдары эле чалгындалып, 1990-жылдан тарта Талды-Булак Сол жээк кенин өздөштүрүүнүн техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу жана кенге инвесторлорду тартууга аракет жасоо боюнча чаралар көрүлгөн. Премьер-министр белгилегендей, мамлекеттик органдардын иш-аракетине жараша кыска мөөнөт ичинде фабрика ишке киргизилүүдө.

Бирок кенди толук түрдө ишке берүү бүгүнкү күнгө туш келүүсү кубанычтуу окуя экенин Темир Сариев белгиледи.

«Пайдалуу кендердин запастары боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматына ылайык, мында 60 тоннадан ашык алтын бар. Мындан тышкары кенде болжолдуу түрдө 60,0 тонна көлөмүндөгү күмүштүн запасы бар. Ошондуктан бул кенди өздөштүрүү Кыргыз Республикасынын экономикасы үчүн олуттуу мааниге ээ. 2011-жылдан 2015-жылга чейин мамлекеттик бюджетке 500 миллион сомдон ашуун салык төлөдү, эми ишке кирген сон жыл сайын 400 миллион сом салык төлөй турган болсо, анын 50 миллиону жергиликтүү бюджетке түшмөкчү. Муну менен катар миңден ашык адам жумуш менен камсыз болот, анын 80% ашыгы жергиликтүү тургундардан алынат. Быйыл жыл аягына чейин комбинат 1 тонна 2 кг алтын өндүрүүсү пландалууда», - деди Темир Сариев.

Муну менен катар Премьер-министр бул сыяктуу бир катар комбинаттар ишке кирээрин, буга мисал катары жакынкы аралыкта Бозымчак кени да толук кубатуулукта иштеп баштаарын маалымдады.

Темир Сариев Кыргызстандын алдында бир гана жол бар экенин, ал өнүгүүгө багыт алуу жолу экенин белгиледи.

«Учурда Өкмөт абдан ири долбоорлорду ишке ашырууга аракеттенип жатат. Алардын катарында завод-фабрикаларды куруу, ГЭСтерди ишке киргизүү, электр линияларларын тартуу, сугат жерлерди өздөштүрүү долбоорлоору каралган. Бирок буларды ишке ашыруу учун ынтымак, биримдик жана туруктуулук керек. Тилекке каршы, ичибизде алдыга коюлган максаттарды ишке ашырууга тоскоол болуп артка тарткандар бар. Аларга каршы бизге биргеликте "жок" деп, биздин ураан тартип, эмгек жана өнүгүү экенин айтышыбыз зарыл», - деди Темир Сариев.

Сөзүн жыйынтыктап жатып Өкмөт башчы быйыл мамлекетибиз чоң сыноонун алдында тургандыгын белгиледи, ал – парламентик шайлоолорду ийгиликтүү өткөрүп алуу милдетине байланыштуу саналат. “Кыргызстан демократиялык жолду тандап алган. Бул иш-аракеттердин ачык-айкындуулугуна, атаандаштыкка шарт түзөт. Бирок атандаштык десе, курулай кыйкырыкка алдырбастан, туруктуулукка, мамлекеттин өнүгүүсүнө багытталган жана акыл калчанып кабыл алынган иштер алга жылдырылышы абзел”, - деп билдирди Темир Сариев.

[su_carousel source="media: 60502,60503,60504,60505,60506,60507,60509,60510,60511,60512,60513,60514,60515,60516,60517,60518" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59826,59825,59824,59823" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59818,59819,59820,59821,59822,59823,59824,59825,59826,59827,59828" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59274,59275,59276,59277,59278,59279,59280,59281,59282,59283,59284,59285" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 58683,58684,58685,58686,58687,58688,58689,58690,58691,58692,58693,58694,58695,58696,58697,58698,58699,58700" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү