14

Август

2015

Премьер-министр Темир Сариев: «Мамлекеттик органдар ар кыл чукул кырдаалга даяр болушу керек»

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев  13-августтагы өкмөттүн жыйында билдирди. Жыйында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги  жана Транспорт жана коммуникация министрлигинин өкүлдөрү Боомдогу жер көчкү түшкөн «Бишкек-Нарын-Торугарт» жолунун 131-чакырымы толугу менен тазаланып, эки тарапка жол ачылганын билдирди.

Премьер-министр Темир Сариев тиешелүү министрликтер бул кырсыкты кесепетин жоюу боюнча ыкчам иш  алпарганын белгилеп, мамлекеттик органдар ар түрдүү чукул кырдаалга даяр болушу керектигин айтып өттү:

“Мындай чукул кырдаал жаралган учурда тиешелүү органдардын жетекчилери премьер-министрден тапшырма күтпөстөн ыкчам чараларды көрүшү керек. Учурда Боомдогу окуя боюнча комиссия түзүлдү. Алар кырсыктын себептерин иликтеп  жана мындан аркы коопсуздук сактоонун чараларын карап чыкмакчы»- деди Темир Сариев

Ошондой эле Премьер-министр ушул апта соңунда  жол ачык болоорун жана жолду тазалоо иштери иш күндөрү жүргүзүлөрүн кошумчалады.

 КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү