24

Август

2015

Темир Сариев Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун директору Марат Калиевди кабыл алды

Премьер-министр Темир Сариев Өкмөттүн алдындагы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жаңы дайындалган директору  Марат Калиевди кабыл алды. Жолугушууда Темир Сариев Марат Калиевдин алдында ишке ашыруусу керек болгон бир катар милдеттер турганын билдирди. Анын эң негизгиси катары Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте бул тармактагы кызмат көрсөтүүнү сапатын жогорулатуу, эне жана балдардын өлүмүн кыскартуу боюнча аракети көрүү жана бул жааттагы мыйзамсыз акча чогултууларды жок кылып, иретке салуу трурганын Премьер-министр билдирди. Өз кезегинде Марат Калиев Премьер-министр таккан милдеттерди так аткарып, бул тармакта сапаттуу өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу убадасын берди.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү