27

Август

2015

Темир Сариев Республикалык билим берүү кызматкерлеринин III сьездинин жабылуу аземине катышты

27-августта Премьер-министр Темир Сариев Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөн Республикалык билим берүү кызматкерлеринин III сьездинин жабылуу аземине катышты.

Өкмөт башчы куттуктоо сөзүндө мугалимдик кесиптин коомдогу ордун белгилеп, билим берүү жаатында өзгөчөлөнгөн бир катар мугалимдерге Ардак грамота жана сыйлыктарды тапшырды.

Өкмөт башчынын билдиришинче, учурда Кыргызстанда 1062 бала бакча, 2207 жалпы билим берүүчү мектеп, 101 кесиптик-техникалык билим берүү мекемеси жана 55 жогорку окуу жайы бар. Бул мекемелерде жалпысынан 1 миллион 529 адам билим алып жатат жана аларга 100 миңден ашуун педагогикалык кызматкерлер билим берүүдө.

Мындан тышкары, көйгөйлүү маселелердин катарына өлкө боюнча 2 жаштан 7 жети жашка чейин балдардын 81, 9 пайызы бала бакчага жеткиликтүү болбой жаткандыгы кирет. “Өкмөт бул кемтикти толтуруу үчүн мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакчаларды мамлекетке кайтаруу боюнча иш алып барып, учурда 119 бала бакча кайрадан артка кайтарылды. Ушул жылдын 1-сентябрында мектепке чейинки даярдык боюнча 480 сааттык жаңы программа киргизилүүдө, бул максатта Өкмөт тараптан 60 миллион сом кошумча каралды”, - деп белгиледи Т.Сариев.

Өкмөт “2015-2020-жылдарга коопсуз мектеп жана бала бакча” программасын иштеп чыгып, ушул жылдын 24-июлунда кабыл алынган. “Мунун негизинде биз жыл сайын өлкөбүздө заманбап талаптарга жооп берген 200 мектепти пайдаланууга берүүнү максат кылып жатабыз. Анын 100ү жаңыдан курулса, дагы 100 мектеп капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, реконструкциядан өтөт. Мындай жол менен өлкө башчысы талап кылгандай, жакынкы 2 жылдын ичинде авариялык абалдагы мектептер маселесин толук чечебиз”, - деп билдирди Темир Сариев.

Андан соң Өкмөт башчы билим берүүнүнүн сапатына өзгөчө көңүл бурулуусу керектигин белгиледи. “Тилекке каршы, ата-энелер, коомчулук жана өкмөт учурдагы билим берүүнүн сапатына канааттанбай турганын ачык эле айтып келет. Муну Кыргызстанда жүргүзүлгөн эл аралык уюмдардын иликтөөлөрү да, жалпы республикалык тесттирлөөнүн жыйынтыгы да бышыктап жатат”, - деди ал.

Темир Сариев билим берүү министрлигине сапаттуу билим берүү жагын алдыңкы орунга коюп, заманбап мобилдик окутуу куралдарын колдонуу маселесин жаңы мектептер курулуп жатканда киргизүү тапшырмасын берди.

“Билим берүүдө мугалимдин жүрүм-туруму, сүйлөгөн сөзү, айткан акылы, кыскасы, бардык жагынан окуучуга үлгү болууга тийиш. Мамлекет бул тармакка канчалаган каражат бөлбөсүн, мектептер кандай гана заманбап болуп салынбасын, мугалимдин кадыры төмөн болсо, андан бала окуп, үлгү алып жыргатпайт. Ошондуктан, бул жерде отурган агай-эжейлерге кайрылар элем: сиздердин колуңуздарда миңдеген адамдын, керек болсо улуттун тагдыры турат”, - деп жыйынтыктады сөзүн Премьер-министр.

[su_carousel source="media: 62159,62160,62161,62162,62163,62164,62165,62166" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 61897,61898,61899,61900,61901,61902,61903,61904,61905,61906,61907,61908,61909,61910,61911,61912,61913" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59826,59825,59824,59823" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59818,59819,59820,59821,59822,59823,59824,59825,59826,59827,59828" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59274,59275,59276,59277,59278,59279,59280,59281,59282,59283,59284,59285" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 58683,58684,58685,58686,58687,58688,58689,58690,58691,58692,58693,58694,58695,58696,58697,58698,58699,58700" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү