20
Ноябрь
Темир Сариевди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Кэцян куттуктады
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин дарегине Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышына карата Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Кэцяндан куттуктоо келди.
Өз куттуктоосунда Ли Кэцян акыркы жылдары тараптар бири бирин маанилүү маселелер боюнча колдоп, түрдүү тармактарда кызматташтыкты алдыга жылдырып, эки өлкөдө жана региондо өнүктүрүүгө жана туруктуулукка чоң салым кошуп жатканын белгиледи.
“Сиз менен бирге достук кызматташтык жана эки жакка тең пайданын негизинде стратегиялык өнөктөштүктөгү кытай-кыргыз мамилелерин мындан ары да жаңы деңгээлге көтөрүүгө даярмын”, - деп баса белгиледи Ли Кэцян.
Ли Кэцян Темир Сариевге ден-соолук жана иштерине ийгиликтерди каалады.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү