17

Ноябрь

2015

Темир Сариевди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен Өзбекстандын Премьер-министри Шавкат Мирзиёев куттуктады

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин дарегине Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышына карата чет мамлекеттердин өкмөт башчыларынан куттуктоолор келүүдө.

Тактап айтканда, Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Шавкат Мирзиёев куттуктоо жолдоду.

“Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы салттуу достук мамилелердин мындан аркы өнүгүүсүнө, элдерибиздин жакшылыгы үчүн эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү бекемдөөдө жана кеңейүүдө Сиздин ушул кызматтагы ишмердүүлүгүңүз жардам берээрине ишенем”, - деп белгиленет Өзбекстан Республикасынын Премьер-министринин куттуктоосунда.

Шавкат Мирзиёев Темир Сариевге чың ден-соолук, бакубатчылык жана жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалады.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү