26
Ноябрь
Бул туурасында, 26-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Токон Мамытов жоголгон балдарды издөөнүн натыйжалуу системасы боюнча маселени талкууга алган кеңешме учурунда айтты.
Токон Мамытов жыл башынан бери Кыргызстанда 67 эрезеге жете элек балдардын сууга чөгүп өлгөнүн, ал эми 10 айдын жыйынтыгы боюнча 766 өспүрүм издөөдө болуп, анын 729уна издөө иши токтотулганын айтты. “Бүгүнкү күндө дайынсыз жоголгондордун саны 37 бала, анын 11 кыз, 26сы эркек бала. Бул кичинекей мамлекет үчүн чоң цифра. Жоголгон балдарды издөөнүн натыйжалуу системасын түзүү үчүн чараларды иштеп чыгуубуз керек”, - деди ал.
Вице-премьер-министр балдар жоголгон учурда кылмыш ишин тез арада ачуу керек экендигин айтты. “Балдарынын жоголгондугу жөнүндө ата-энелери арыз менен кайрылган учурда, аларга кылмыш иши үч күндөн кийин ачыла тургандыгын айтышат. Мындай жагдай чоң адамдар үчүн гана мүмкүн. Балдар көз жаздымда калбоого тийиш. Ошол себептен, өзгөртүү киргизип, арыздар тез аранын ичинде кабыл алынып, кылмыш иши тез ачылып, ыкчам иликтөө топтору түзүлүшү керек”, - деп кошумчалады Токон Мамытов.
Ошондой эле, ал жоголгон балдарды издөө боюнча коңшу мамлекеттердин тиешелүү түзүмдөрү менен байланыш түзүү керек экендигин белгиледи.
Кеңешменин катышуучулары издөөдөгү балдар боюнча бирдей маалымат базасын, “балдар ишеним телефонун”, Кыргызстанда коомдук-мамлекеттик шериктештиктин алкагында жоголгон өспүрүмдөрдүн борборун түзүү маселесин карап чыгышты.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү