18

Ноябрь

2013

Бүгүн, 18-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Токон Мамытов “Ош шейиттер биримдиги” бирикмесинин жетекчиси Төрөбек Аматовду жана “Өчпөс от” коомдук бирикмесинин жетекчиси Тургунайым Айтиевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө коомдук бирикмелердин жетекчилери 2010-жылдын июнь айында жабыр тарткандардын маселеси үч жылдан бери чечилбей келгенин айтышты. Алар Вице-премьер-министрге ошол кездеги Убактылуу Өкмөт тарабынан убадаланган 50 миң сом көлөмүндөгү грантты ала албай жүргөн 997 ишкердин тизмесин көрсөтүштү.

Тургунайым Айтиев жана Төрөбек Аматов Өкмөттөн Ош шаарын калыбына келтирүү программасынын алкагында турак жай алган жарандарды текшерүүнү уюштурууну суранышты. “Бизде июнь окуясында жабыр тарткан деген шылтоо менен акча жана турак жай алган адамдар туурасында маалымат бар”, - дешти алар.

Өз кезегинде Токон Мамытов пайда болгон кырдаал боюнча коомдук бирикмелердин жетекчилерине аларда болгон далилдер боюнча иш кагаздарын берүүнү жана анын негизинде териштирүү жүргүзөөрүн айтты.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү