06
Ноябрь
Бүгүн, 6-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Токон Мамытов “Торугарт” көзөмөлдөө өткөрмө бекетиндеги кыргыз жана дунган унаа ташуучуларынын ортосундагы чыр-чатакка байланыштуу кеңешме өткөрдү.
Кеңешмеге Жогорку Кеңештин депутаттары, Ички иштер министрлигинин, Унаа жана байланыш министрлигинин, мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин, мамлекеттик бажы кызматынын, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана улуттар аралык мамиле мамлекеттик агенттигинин жетекчилери, Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү, унаа ташуучулар, ишкерлер жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышышты.
Жолугушууда пайда болгон кырдаалдан чыгуу жолдору талкууланды. Жыйында кыргыз жана дунган унаа ташуучулары да өз ойлорун айтышты. Алар сүйлөшүү жолу менен кырдаалдан чыгуу жагын билдиришти.
Токон Мамытов унаа ташуучуларга ушул жуманын ичинде жыйын өткөрүп, алгылыктуу шарттарды иштеп чыгуу керек экендигин айтты. “Чагымчылдарга катуу чара колдонулат. Улуттук коопсуздук комитетине жана ички иштер министрлигине чагымчылдарды табуу жана алардын иш-аракетине бөгөт коюу тапшырмасы берилди”,- деп кошумчалады Токон Мамытов.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү