19
Ноябрь
Бүгүн, 18-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Токон Мамытов өлкөнүн унаа жолдорунда катталган жол кырсыктарынын көбөйүшүнө байланыштуу кеңешме өткөрдү.
Кеңешмеге Ички иштер министрлигинин, Унаа жана байланыш министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, саламаттык сактоо министрлигинин, мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катышышты.
Кеңешмени ачып жатып, Токон Мамытов Кыргыз Өкмөтүнүн атынан 17-ноябрда Бишкек-Торугарт авто жолунда жол кырсыгынан каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.
“Кечээ чоң кырсык болду- 8 адам каза болду, алардын арасында балдар да бар. Себеби эмнеде? Эмне үчүн адам өлүмү менен байланышкан жол кырсыктары көбөйүп жатат? Кырдаалды оңдоо үчүн сунуш бергиле, карап чыгалы”,- деди Токон Мамытов.
Кеңешмеде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын башчысы Талант Исаев сөз алып сүйлөдү. Анын маалыматы боюнча үстүбүздөгү жылдын акыркы 10 айынын ичинде Кыргызстандын авто жолдорунда 5 миң 990 жол кырсыгы катталган. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул убагына карата 29,9 пайызга көп. Каза болгондордун саны да 8,2 % га көбөйгөн.
Талан Исаев унаа жолдордогу жалпы кырдаалга бир топ факторлор таасир берээрин кошумчалады. Ал машина айдоо маданиятынын төмөндүгү, айдоочулардын начар даярдыгы, мыйзамда жана административдик кодекстеги жетишпестиктер, түнкүсүн бир катар аймактарда жарыктын, жол белгилеринин жоктугу буга шарт түзүп жаткандыгын кошумчалады. “Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын өзүнүн түзүмүн кайра карап чыгуу керек жана анын штаттык бирдигин көбөйтүү зарыл. Көйгөйлөр арбын, аны чечүү керек. Арийне, бизде бийлик жок, бул туурасында бир канча жолу айтып келебиз”,- деди ал.
Вице-премьер-министр өз кезегинде көтөрүлгөн маселелерди ишке ашыруу үчүн каражат жагын кароо керек экендигин билдирди.
“Өкмөт бир заматта бул көйгөйлөрдү чече албайт. Анткен менен, ашыкча чыгым жумшабай эле, алдын алуу иштерин жүргүзүүгө болот да. Биз ЖКККнын айдоочунун күбөлүгүн жеке даярдык менен алууга каршы пикирин колдойбуз. Коррупция орун алган авто мектептерге көзөмөлдү күчөтүү керек. Ошол эле кезде жол көзөмөлдөө кызматынын инспекторлорунун да кетирген катачылыктары бар. Бадалдардын арасына жашынбай, жолго чыгып иштегиле, айдоочулар силерди көрүп сестенип, ылдамдыкты азайтып айдасын”, -деди Вице-премьер-министр.
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча, Өкмөттүн алдындагы жол коопсуздугун көзөмөлдөөнү камсыздоо комиссиясына кеңешмеде каралган көйгөйлүү маселелер боюнча чара колдонуу чечими чыгарылды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү