12

Декабрь

2013

Бүгүн, 11-декабрда,Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Токон Мамытовдун төрагалыгы алдында өлкөдөгү кылмыштуулук кырдаал маселесине байланыштуу кеңешме өткөрдү.

Сөз болгон тема боюнча кеңешмеде жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын, ички иштер министрлигинин, мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү маалымат беришти.

Күч түзүмдөрүнүн жетекчилери учурда өлкөдө кылмыштуулук кырдаалы татаалдашып бара жатканын айтышты. Алардын айтымында 3-4 негизги кылмыш топторунун таасири күч алууда. Ошондой эле, кылмыш топторунун башчылары өз алдынча партиялар, коомдук бирикмелер жана саясий фигуранттар менен байланыш түзүүгө аракет кылышууда. Дагы бир көйгөй, эркинен бошотулгандар жигердүү тартылып жаткан радикалдуу исламизм.

Кеңешменин жыйынтыгында Токон Мамытов баардык күч түзүмдөрүнө уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүнү күчөтүү боюнча иш алып баруусун тапшырды.

                                                                                                

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү