19
Ноябрь
2013
Бүгүн, 19-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Токон Мамытовдун Баткен жана Ош облустарына иш сапары башталды.
Токон Мамытов иш сапарынын алкагында бир катар чек ара тозотторун кыдырат. Ошондой эле, ал аскерлердин турмушу менен таанышып, кышка карата даярдыгын көрөт жана чек ара аймагында жашаган калк менен жолугушат.
Вице-премьер-министр Барак анклавында да болоору күтүлүүдө.
КР Өкмөтүнүн аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү