06
Ноябрь
Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Токон Мамытов мөөнөттүү аскер кызматынын каза болгон солдаттарынын энелери менен жолугушту.
Жолугушууга солдаттардын энелери - Кыдыралиева Динара, Канаталиева Кайыркүл, Курманалиева Аида жана “Кылым Шамы” укук коргоо борборунун мүдүрү Азиза Абдирасулова катышты.
Кыргызстан Куралдуу күчтөрүнүн катарында кызмат өтөө учурунда каза болгон солдаттардын энелери тергөө органдарынын ишине канааттанбай тургандыктарын айтышты. “Биз балдарыбызды 18-19 жашка чейин өстүрүп, өз жарандык милдеттерин аткарсын деп мамлекетке бергенбиз, алардын сөөгүн алып отурабыз. Аскерлердин айтымында, биздин балдар өзүн-өзү өлтүргөн. Эмне үчүн тынч убакта жаш солдаттар өлүп жатат? Биздин колубузда сержанттык түзүм тарабынан солдаттарды кемсинтүү, опузалоо, кол көтөрүү жасалгандыгы туурасында көп сандаган далилдер бар. Биз коргоо министрлигине, жаза аткаруу мамлекеттик кызматына, чек ара кызматына кайрылдык, бирок бизди эч жерде угушкан жок, биздин балдарыбыздын өлүмүнө себепчи болгондор дагы деле жазалана элек”,- деди жолугушуунун катышуучулары.
Алар Вице-премьер-министрге өз талаптарын коюшту. Нурланбек уулу Чынгыздын, Эркинбек уулу Эрландын жана Сапар уулу Темирландын өлүмүнүн себептерин дыкат иликтөөнү, күнөөлүүлөрдү жазалоону, каза болгон солдаттардын үй-бүлөлөрүнө компенсация төлөп берүүнү талап кылышты.
Энелердин сөзүн уккан Токон Мамытов бүгүнкү жолугушууда айтылгандар аскер прокуратурасы тарабынан дыкат иликтөөгө алынаарын жана алар далилденсе күнөөлүүлөр тиешелүү жазасын алаарын билдирди. “Сиздерде болгон баардык материалдарды жана документтерди берүүңүздөрдү сурайм”,- деди ал.
КР Өкмөтүнүн аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү