27
Ноябрь
Бүгүн, 27-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Токон Мамытов Улуу Британиянын бириктирилген хандыгынын жана Түндүк Ирландиянын Кыргыз Республикасындагы толук жана ыйгарым укуктуу өкүлү Джудит Маргарет Фарнворт жана саясий жана чыр-чатактарды жоюу маселелери боюнча аймактык кеңешчиси Рой Уилсон менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Токон Мамытов адам укугун коргоо, саясий жана административдик-аймактык өзгөртүүдөгү илгерилөө боюнча Өкмөттүн иши туурасында айтып берди.
“Биз Кыргызстандын укук коргоо системасын реформалоого кириштик, алдыда абдан көп иштер бар жана ага ылайык тоскоолдуктар да болот. Биз албетте, эл аралык адистердин жардамын колдойбуз, бизге ар бир серепчинин оюу маанилүү”,- деди Вице-премьер-министр.
Өз кезегинде Джудит Маргарет Фарнворт Кыргызстанда Улуу Британиянын элчилигин ачуунун негизги максаты мамлекеттеги демократиялык процесстерди жана жаңыланууларды колдоо деп эсептейт. “Бизге укук коргоо жана күч түзүмдөрү системасында мамилени дагы ыкчам өнүктүрүү керек. Элчилик кыргыз күч түзүмдөрү менен жолугушуу өткөрүүгө Британиянын укук коргоо органдарынын жана полиция академиясынын өкүлдөрүнүн келүүсүн мерчемдеп жатат. Ошол эле учурда биз кыргыз адистерин Улуу Британиянын сот иштери менен таанышуусу үчүн ал жакка чакыралы деп турабыз”,- деп кошумчалады элчи.
Тараптар Борбордук Азияда чыр-чатактарды жөнгө салуу боюнча Фонддун долбоорун талкуулашты жана Ооганстандагы кырдаал жөнүндө пикир алышышты.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү