22
Ноябрь
Бүгүн, 22-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Токон Мамытов Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун аз улуттардын иштери боюнча Жогорку комиссары Адрид Торс менен жолугушту.
Тараптар өлкөдөгү улуттар аралык мамилелердин бекемделиши үчүн багытталган документтердин ишке ашуусун талкуулашты.
Токон Мамытов Кыргызстандын 2013-2017-жылдарга карата туруктуу өнүгүү Улуттук стратегиясында улуттар аралык мамилелерди жөнгө салуу маселесине кеңири орун берилгендигин белгиледи.
«Ошондой эле, улуттар аралык мамиле жана элдердин биримдиги Концепциясы кабыл алында. Анын максаты – Кыргызстанда улуттар аралык ынтымакты жөнгө салуу жана жалпы жарандык окшоштукту камсыздоо. Кыргызстан көп улутту мамлекет катары, республикада көп тилдүүлүктүн өнүгүшүнө чоң маани берет жана Жогорку комиссардын көп тилдүү жана ар маданияттуу педагогикалык тажрыйбанын өнүгүшүнө көрсөткөн жардамын жогору баалайт”,- деп кошумчалады Вице-премьер-министр.
Өз кезегинде Адрид Торс ЕККУнун аз улуттардын иштери боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтык жемиштүү жана үзүрлүү болооруна үмүт артаарын айтты.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү