28
Май
2018
Токтогул шаарынын мэри Марат Калмурзаев ээлеген кызматынан бошотулду
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарынын мэри Калмурзаев Марат (берген арызына ылайык) ээлеген кызматынан бошотулду.
Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү