04

Февраль

2020

"Торугарт" көзөмөл өткөрүү жайында эпидемиологиялык абал тыкыр көзөмөлдө

Учурда Кытай Эл Республикасында коронавирус илдетине карата эпидемиологиялык кырдаал түзүлгөндүгүнө байланыштуу Кыргыз-Кытай чек арасындагы "Торугарт" көзөмөл өткөрүү жайында күчөтүлгөн абал киргизилген.

Чек ара жабык. Бирок Кытай Эл Республикасынын аймагында чек аранын ачылышын күтүп жаткан кыргыз жарандарын Кыргыз Республикасынын аймагына өткөрүп, тосуп алуу иш аракети көрүлүп жатат. Алар жүк ташуучу автоунаалардын айдоочулары.

Коронавирустун алдын алуу боюнча Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкуловдун буйругу менен атайын штаб түзүлүп, иш алып барылууда.

"Торугарт" көзөмөлдөп өткөрүү жайында 100 адамга ылайыкталган жарандарды кабыл алуу жана жайгаштыруу пункту уюштурулуп, бардык ыңгайлуу шарттары түзүлгөн. Жуунуучу, тамактануучу, эс алуучу бөлмөлөр жылытылып, тамак-аш кору даярдалган.

Ал жерде тиешелүү бардык кызматтардын өкүлдөрү нөөмөттө болуп, келген жарандарды тыкыр көзөмөлдөн өткөрүү менен тосуп алууда.

Торугарттагы бардык зоналарга карантин коюлган. Чек арадан өткөн жарандар тепловизор аппаратынын жардамы менен санитардык-карантиндик текшерүүдөн өтүп, андан соң кооптуу белгилери жок болсо убактылуу жашай турган обсерваториялык жайда дарыгерлердин көзөмөлүндө 3-4 суткага чейин жашап турушат. Бардык жугушсуздандыруучу жана гигиеналык каражаттар менен камсыз болушкан. Эгерде чек арадан өтүп келаткан жарандарда дене табы көтөрүлүп, же кандайдыр бир оорунун белгилери аныкталса изоляциялык жайга алып барылып, ошол жакта дарылоого шарт түзүлгөн.

Бирок азыр абал тынч. Эч кандай кооптонууга негиз жок. Келген жарандар убактылуу жашоочу обсерваториялык жайда жашап жатышат.

Ал эми айдоочулардын автоунаалары толугу менен дезинфекцияланып, андан кийин өткөрүлөт.

"Торугарт" көзөмөл өткөрүү жайынын кызматкерлеринин айтымында, чек арадан жүгү жок автоунаалар жана алардын айдоочулары гана тыкыр текшерүүдөн кийин өткөрүлөт. Ал эми башка жарандардын өтүүсүнө жана жүк ташууга убактылуу тыюу салынган.

КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.