15

Декабрь

2018

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов отставкага кетти

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов кызматынан кетүү боюнча арызын жазды. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Президентине Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловдун отставкасын кабыл алуу тууралуу сунуштаманы киргизди.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү