23

Октябрь

2014

Финансы министрлигинин аймактык түзүмдөрүнүн үч жетекчиси ээлеген кызматынан бошотулуп, 16 жетекчиге карата тартиптик чаралар көрүлдү

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаевин тапшырмасына ылайык, Өкмөттүн Аппараты тарабынан 2014-жылдын 2-сентябрындагы КР Өкмөтүнүн селектордук жыйынында 2014-2015-жылдын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү үчүн көмүр сатып алууга багытталган каражаттан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан райфинансы бөлүмдөрү талап кылып жаткан 10% акча өндүрүп алуу тууралуу айтылган маалыматты текшерүү жүргүзүлгөн.

Маалыматты текшерүү максатында КР Өкмөтүнүн Аппаратынын жана Финансы министрлигинин өкүлдөрүнөн турган ведомство аралык комиссия түзүлгөн, анын негизинде айрым райфинансы бөлүм жетекчилери тарабынан өз милдеттенмелерин одоно бузуулар орун алгандыгы аныкталган, алар көмүр алуу боюнча келишимдерди жана арыздарды создуктуруп кармап тургандыгына байланыштуу жергиликтүү органдар тарабынан отун камдоого кетчү чыгымдарды каржылоо өз мөөнөтүндө аткарылган эмес.

Текшерүүнүн жүрүшүндө көмүр алуу үчүн келишимдерди берүү мөөнөтүндө коррупциялык белгилер бар экендиги аныкталган. Тактап айтканда, 2014-жылдын июнь айынан сентябрь айына дейре Финминге 82 райондук финансы бөлүмүнөн келишимдер келип түшкөн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев селектордук жыйындан соң, эки күн ичинде райондук финансы бөлүмдөрү дагы 265 келишимди жөнөтүшкөн. Натыйжада, райондук финбөлүм жетекчилери келишимдерди Министрликке жөнөтүүнү создуктуруу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына басым жасашкан.

Текшерүү жыйынтыгы жана Финмин коллегиясынын чечимине ылайык, Финансы министрлигинин кызматкерлерине жана аймактык түзүмдөрдүн 19 өкүлүнө тартиптик чаралар көрүлүп анын үчөө:  Нарын облусуна караштуу Ат-Башы, Ак-Талаа райондук жана Баткен облусунун Лейлек райондук финансы бөлүм башчылары кызматынан бошотулган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү министрлик жана ведомстволордогу коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ишти улантууну ниеттенүүдө.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү