20
Декабрь
2016
Турдубек Мамбетов Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун милдетин аткаруудан бошотулду
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-декабрда, буйрукка кол койду. Ага ылайык Мамбетов Турдубек берген арызына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун милдетин аткаруу кызматынан бошотулду.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү