02

Февраль

2019

Туризм тармагындагы мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашыруу үчүн «Кыргыз туризм» Мамлекеттик ишканасы түзүлүүдө

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу «Кыргыз туризм» Мамлекеттик ишканасы түзүлүүдө. 

Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

«Кыргыз туризм» Мамлекеттик ишканасы туризм тармагындагы мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашыруу жана мамлекеттик менчикте турган санаториялык-курорттук уюмдарды рационалдуу пайдалануу максатында түзүлүүдө.

«Кыргыз туризм» Мамлекеттик ишканасынын милдети болуп төмөнкүлөр саналат:

- туризм тармагындагы мамлекеттик жана аймактык деңгээлдеги саясаттын аткарылышын камсыздаган механизмди түзүү;

- туристтик, экскурсиялык, мейманкана жана туризмге тийиштүү тейлөөлөр рыногун өнүктүрүү, туристтик бизнести өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу;

- мамлекеттик менчикте турган туристтик объектилердин, сервис-борборлордун инфраструктурасын модернизациялоо.

«Кыргыз туризм» Мамлекеттик ишканасы өз ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана бекитилген Уставга ылайык жүргүзөт.

«Кыргыз туризм» Мамлекеттик ишканасынын директору Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан эки жылдык мөөнөткө кызматка дайындалат жана андан бошотулат.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү