01
Июнь
2017
Туруспек Султаналиев Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары кызматынан бошотулду
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков буйрукка кол койду. Ага ылайык Султаналиев Туруспек Оморович берген арызынан улам, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары кызматынан бошотулду.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү